Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө уюмдагы өнөктөштөрүн жаратылышты сактап калууга чакырды. Мамлекет башчысы абадагы көмүртекти азайтууда жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.
"Бул COVID-19 пандемиясынан кийин "жашыл экономиканы" калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЭКУ мейкиндигинде климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт".
Президент Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын айтты. Анын сөзүнө караганда, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын өзөгү болмокчу. Ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун арттыруучу жана аны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү - Борбор Азия аймагын экологиялык электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө болот.
Садыр Жапаров Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышып жатканын, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Мындан тышкары, "Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушун тездетүүгө маани берерин кошумчалады.
Бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.
Уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.
Жапаров саммиттин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту. Расмий маалыматка ылайык, анда эки тараптуу алака-катышты, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.
Садыр Жапаровдун июнь айындагы Ашхабадга болгон сапарында тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашкан.(ZKo)
Дагы караңыз
Нарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бердиМилиция: Таласта акча таратылганы тууралуу маалымат такталган жокШайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады Орусиянын Эл артисти Александр Градский көз жумдуКоронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жеттиИИМ добуш сатып алууга байланыштуу жети иш сотко жөнөтүлгөнүн билдирдиЖапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырдыОрусия: шахтада жарылуу болгондо ишин "жууган" мэр кызматтан алынды