Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады.
Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын белгиледи.
"Дыйкандар ызы-чуу сала баштаганда гана кириштиңиздер", — деди президент Жапаров.
Президент сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын белгилеп, бул үчүн жогоруда аты аталган жетекчилер жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.
Жыйын учурунда энергетикадагы кризис үчүн энергетика министри Доскул Бекмурзаевге дагы сөгүш жарыяланды.
Кыргызстандын бардык аймагында быйыл суу тартыш болду. Бул көйгөй өзгөчө эл жыш жайгашкан Чүй өрөөнүндө өзгөчө байкалды. Кургакчылыктын айынан чөп жакшы чыкпай, эгин талаалары кургап, мөмө-жемиш бышпай, малга тоют камдоо чоң көйгөйгө айланды.
Айыл жана суу чарба министрлиги август айында малдын тоюту былтыркыга салыштырганда аз камдалганын билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
Күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатканы айтылдыАба ырайы: мезгил-мезгили менен кар жаайтАзык-түлүк коопсуздугу олуттуу коркунуч жаратып жатканы айтылдыПрезидент ишкерлерди оффшордогу акчасын кайтарууга чакырды