Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Азык-түлүк коопсуздугу олуттуу коркунуч жаратып жатканы айтылды


Бишкектеги базар.
Бишкектеги базар.

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык продуктулар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керек. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.

"Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өзүбүздүн өндүрүштүн эсебинен элди нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу азыктар менен болгону 40%, ал эми өсүмдүк майы менен 24% гана камсыз кыла алабыз", - деди президент.

Өлкө башчысы бул багыттагы көйгөйлөр катары агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруу, суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык сыяктуу мисалдарды келтирди.

Кыргызстанда 2020-жылдагы коронавирус эпидемиясы жана кургакчылыктын айынан азык-түлүккө баа өскөн. Расмий маалыматтарга ылайык быйылкы сугат суунун жетишсиздигинен буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарганы белгилүү болгон. Кризиске байланыштуу өкмөт Кытай жана Казакстан буудай бере турганын кабарлаган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөдө 2021-жылы азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8 пайызга кымбаттаган. Изилдөөдө мындан улам эл жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканы айтылган.

XS
SM
MD
LG