Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда азык-түлүк коопсуздугу каралган Коопсуздук кеңшинин жыйынында өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына тарифти 2022-жылдын 1-январынан тартып арзандатуу боюнча тапшырма берди.
"1-январдан баштап биринчи электр энергиясынан жардам берели. Азыр 77 тыйындан төлөсө, ошону 50 тыйынга түшүргүлө. Калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер. Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 110 миң 518 үй-бүлөдөн 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз", - деди мамлекет башчы.
Жапаров бул багытта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тийиштүү министрликтерге тапшырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго элге тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин, жаңы жылдан тартып ун, май, шекер таратып берүүнү тапшырды.
Улуттук статистика комитети жана БУУнун Азык-түлүк программасынын изилдөөсүндө, Кыргызстанда жакыр жана жакырчылыктын чегинде жашаган калктын саны 2,2 млн. экени айтылган.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында өтүп жатат. Жыйындын биринчи бөлүгүндө 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык, коопсуздук маселелери талкууланды.
Дагы караңыз
Күйүүчү майдын баасын көзөмөлдөө мүмкүн болбой жатканы айтылдыАба ырайы: мезгил-мезгили менен кар жаайтАзык-түлүк коопсуздугу олуттуу коркунуч жаратып жатканы айтылдыПрезидент ишкерлерди оффшордогу акчасын кайтарууга чакырдыБийликти басып алууга шек саналгандар арасында талапкер Купешов бар экени белгилүү болду