Жалал-Абад облусунун үч районуна арзандатылган баадагы көмүр жеткирилди

Сузак району

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондоруна 100 тоннадан көмүр жеткирилип, 24-ноябрдан тартып элге арзандатылган баада сатыла баштады. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатуу жагы көзөмөлгө алынат.

Азыр көмүр райондордун аймагында ачылган базаларда 3500-4000 сомдон сатылып жатканы айтылды. Сузак менен Базар-Коргонго жергиликтүү Маркай жана Кум-Бел кендеринен казылган көмүр жеткирилген. Тогуз-Торого Кара-Кече карьеринен жиберилген. Облустун башка аймактарында көмүрдүн баасы 7000 сомго чейин. Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна арзандатылган көмүр качан жеткирилери жөнүндө азырынча маалымат жок.

Кыргызстанда суук түшкөнү энергетикалык каатчылык күч алып, көмүр кескин кымбаттаган, айрым жерлерде тоннасы 10 миң сомдон ашкан.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон болорун билдирип, кара отун сатылган жерлерде узун кезек көбөйгөн. 22-ноябрдан Ош облусунда көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон сатыла баштаган. (TB)

Дагы караңыз

Борбор Азияда кыш караңгы, ызгаар күч болотКара-Кече: кезек күтүп кезерген айдоочуларОшто көмүр 3 000 сомдон сатыла баштадыБишкекте арзан көмүр талашка түштү