Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам ири Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган. Учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнү көмүр менен камсыз кылууга аракет кылып жатат.
Кара-Кече: кезек күтүп кезерген айдоочулар
"Азаттык" радиосунун кабарчысы Кара-Кече көмүр кенине барып, кырдаалды өз көзү менен көрүп келди.