Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:17

Ошто көмүр 3 000 сомдон сатыла баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү 22-ноябрда билдирди. Көмүр Өзгөн ройонунун 15 жаш айылындагы кенден ташылат.

Мекеменин маалыматында арзандатылган көмүр ар бир райондо буга чейин уюштурулган социалдык базаларда сатылууда. Алар төмөндөгү даректерде:

  • Ноокат району — Мирмахмудов айыл өкмөтү, аэропорт участкасы жана Кулатов айыл өкмөтү, Абшыр-Ата айылы;
  • Кара-Суу району — Жоош айыл өкмөтүнүн имараты жана Сарай айыл өкмөтүнүн имараты;
  • Кара-Кулжа району — Кара-Кулжа айылы, "Кулун-Ата" май куючу жайынын жанында;
  • Араван району — Алля Анаров айыл өкмөтү, Пахта завод.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүр 3000 сомдон сатыларын билдирген. 16-ноябрда борбор калаада Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасы 3000 сомдон сатыла баштап, алуучулар көбөйгөндүктөн кошумча кампа ачылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өстү.

Эң кымбат баа Ноокатта (10 039 сом), Баткенде (9 718 сом) жана Исфана шаарында (9 091 сом) катталган. Эң арзан көмүрдү Нарындын Чаек айылынан (2500 сом) жана Балыкчы шаарынан (4049 сомдон) алса болот.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда. (DU)

XS
SM
MD
LG