Жапаров менен Мишустин Кыргызстанга мектеп куруу маселесин сүйлөшүштү

Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин, 22-ноябрь, Москва.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга билим берүү мекемелерин куруу долбоорун эртерээк баштоо маселесин сүйлөшүштү.

Жапаров Мишустин менен Москвадагы иш сапаранынын алкагында 22-ноябрда жолугушту. Расмий кабарда бул жааттагы сүйлөшүүнүн чоо-жайы толук маалымдалган жок. Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Орусияга барганда Москва Кыргызстанга орусча окута турган 44 мектеп курууга убада берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга 22-ноябрда кеткен. Иш сапардын алкагында кыргыз-орус кызматташтыгы, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселе талкууланары айтылган.

Дагы караңыз

"Ак-Ордо-3" конушунун жашоочуларына кызыл китеп берилетОшто көмүр 3 000 сомдон сатыла баштадыШайлоо туш келген экономикалык кырдаал