Шайлоо туш келген экономикалык кырдаал
Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул саясий жарыш азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттаган учурга туш келди. Экономикада өсүш анча эмес, экспорт кыскарып, мамлекеттик карыз көбөйүүдө. Каатчылык жарандардын депутаттарды тандоосунда кандай роль ойнойт? Парламенттин жаңы курамынын алдында кандай чакырыктар турат? "Ак сөз" подкастында ушул маселени талдайбыз.