18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен , Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус.
Дагы караңыз
Багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылдыБешимов бийликте административдик ресурсту таптакыр жоюуга саясий эрк бар экенин айттыПрокуратура Эмил Жамгырчиевди 15 жылга соттоону сурандыЖороев: Шайлоодон кийинки ыңкылап ыктымалдыгы жок, ич ара чырларды жөнгөрүү оор болот