Парламенттик шайлоодон кийин талапкерлер жана партиялар арасында ич ара пикир келишпестиктер жана каршылашуу болушу толук ыктымал. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте шайлоого чейинки жана кийинки саясий абалды талкуулаган жыйында сүйлөп жатып саясат талдоочу Эмил Жороев билдирди.
Талдоочунун пикиринде, ыңкылап сыяктуу орчундуу окуя ыктымалдыгы жок, бирок түрдүү талаш-тартыштар болушу мүмкүн:
“Шайлоо боюнча мыйзамдагы жана системанын өзүндөгү чачырандылыктын айынан чыр чыгышы ыктымал. 29-ноябрда төртүнчү же бешинчи ыңкылап болуп кетет деген ойдон алысмын. Биринчиден, бир мандаттуу округдардын өзүлөрүнүн ичинде талаш-тартыш чыгышы мүмкүн, аларды жөнгөрүү өтө оор болот. Бирок андан да кооптондурганы – партиялык тизме боюнча жыйынтык кандай болот жана мандаттар преференциялык добуштар боюнча кантип бөлүштүрүлөт”.
Бүгүнкү талкууга саясат талдоочулар, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышты.
Жыйынга бийликтин атынан катышкан президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов шайлоодо административдик ресурс колдонулбашы үчүн мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгилеп, өлкө жетекчилигинде мындай көрүнүштү таптакыр жоюуга саясий эрк бар экенин айтты.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)