Бийликте административдик ресурсту таптакыр жоюу боюнча саясий эрк бар жана бул багытта тийиштүү аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн 17-ноябрда Бишкекте шайлоого чейинки жана кийинки саясий абалды талкуулаган жыйында сүйлөп жатып президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскар Бешимов билдирди.
Бешимов жаңы Конституцияга ылайык Кыргызстанда эми алдыдагы беш жылда ири шайлоо өнөктүгү болбой тургандыктан азыркы парламенттик шайлоого кызыгуу күч экенин, партиялык курулуштун учурдагы абалы 30 жылдан берки процесстердин натыйжасын көрсөтүп жатканын, добуш партиянын программасына эмес, ар бир талапкердин таанымалдыгына жараша берилерин айтты:
“Мамлекеттик органдар административдик ресурс колдонулбашы үчүн мониторинг жүргүзүүдө. Саясий структураны курууга таасир эте турган административдик ресурсту таптакыр жоюуга саясий эрк бар”.
Бүгүн 17-ноябрда Бишкекте кезектеги парламенттик шайлоого чейинки жана кийинки саясий абалды талкуулаган жыйын өттү. Ага саясат талдоочулар, эксперттер жана бийлик өкүлдөрү катышты.
Жыйында партиялар ичиндеги чачырандылык кийин парламентте саясий күчтөрдүн биригүүсүнө кыйынчылык жаратары, шайлоо алдында кыска мөөнөттө түзүлө калган айрым партияларда талапкерлер арасында кызыкчылыгы ар кандайлар бар экени айтылды.
Саясат талдоочу Эмил Жураев бул тууралуу “Тизмеде алар менен чогуу тигил же бул талапкер турганы үчүн шайлоочулардан кечирим сураган талапкерлерди көрүүгө болот. Демек, бул парламентте 90 түрдүү адам, 90 фракция болот дегендик” деген оюн айтты.
28-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (RK)