Министрлер кабинети багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулаткан чечимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган документке ылайык, багуучусунун биринен айрылганы боюнча пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып - 1500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2000 сомго чейин жогорулатылат.
Багуучусунан айрылганы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3000 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6000 сомго чейин жогорулатылат.
Социалдык фондунун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам каттоодо турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкону боюнча – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 адам турат. (КЕ)
Дагы караңыз
Бешимов бийликте административдик ресурсту таптакыр жоюуга саясий эрк бар экенин айттыПрокуратура Эмил Жамгырчиевди 15 жылга соттоону сурандыЖороев: Шайлоодон кийинки ыңкылап ыктымалдыгы жок, ич ара чырларды жөнгөрүү оор болотКыргызстанда он айда 70 эстремисттик сайтка, 10 аккаунтка бөгөт коюлдуЭкстремисттик уюмдар аялдар менен жаштарга басым жасап жатканы айтылды