Монополияга каршы агенттик: Кара май кескин кымбаттабайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кара май баасы кескин көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди:

"Өткөн айга салыштырганда, АИ-92, дизелдик отун, билесиздер, социалдык жактан маанилүү товарлар тизмесине кирет, баалар туруктуу, кескин көтөрүлгөн жок. Бул рынокто да запастар бар, жетиштүү. 1-1,5 айга чейин запастарды кармашат. Биз ар бир райондо канча запас бар экенин тактап алдык. Ноябрь айынын аягына чейин иш-чаралар камтылган. Акыркы мезгилде Орусияда да баалар көтөрүлгөн. Ал боюнча да булар менен такташып алдык. Баа кескин көтөрүлбөйт. Ага жол бербейбиз. Көтөрүлсө да 8-10 сомго эмес".

Тайлаков кошумчалагандай, күйүүчү майдын эң жогорку баасы бүгүнкү күндө Чаткалда жана Баткенде болууда.

Кара май, көмүр кымбаттап, элге ыңгайсыздык жаралып жатканы тууралуу маселе 10-ноябрда парламентте көтөрүлгөн. Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу ноябрда бензин 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн деген жоромолун билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанга "Спутник лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы келетЕвробиримдик мигранттарга байланыштуу Беларуска санкция киргизетБир мандаттуу округдан шайлоого катышкан 300 талапкер калдыӨспүрүмдөр менен аялдарды азгырган "хизбутчулар"