Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Евробиримдик мигранттарга байланыштуу Беларуска санкция киргизет


Беларус-Польша чек арасында топтолгон мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл.
Беларус-Польша чек арасында топтолгон мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл.

Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин өкүлдөрү 10-ноябрда кийинки аптада Беларуска санкция киргизүүнү макулдашты. «Кара тизмеге» Беларустун тышкы иштер министри менен улуттук авиакомпаниясы кириши мүмкүн.

10-11-ноябрда Беларус менен Польшанын чек арасындагы мигранттар ачык асман алдында түнөштү.

Шаркеттин лидерлери жакыр, согуш уланып жаткан мамлекеттерден мигранттарды азгырып, атайылап Польшанын чек арасына айдактап жатканы үчүн Минскини айыптап жатышат.

Польша өз аймагына мигранттарды киргизүүдөн баш тартып, чек арага жүздөгөн аскерлерин жөнөттү. Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель 10-ноябрда жасаган билдирүүсүндө Беларустун аракеттерин «тымызын өч алуу» деп атады.

Ал эми Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, «Минскиге, анын Беларус менен Евробиримдиктин чек арасына мигранттарды ташууга катыштыгы бар» авиакомпанияларга да санкциялар киргизилиши ыктымал.

Орусия колдогон Лукашенконун өкмөтү Евробиримдиктин айыптоолорун четке кагып, Польша менен шаркетти адам укуктарын бузуп, мигранттарды өз аймагына өткөрбөй жатканы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG