Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Кыргызстанга "Спутник лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы келет


Sputnik V вакцинасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Sputnik V вакцинасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Орусиянын "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Орусия COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүү максатында Кыргызстанга 1,2 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Вакцина эртең, 12-ноябрда "Манас" аба майданында кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-ноябрдагы маалыматына караганда, бир суткада үч бейтап каза болду. Каза болгондор эмделбегенин штабдан билдиришти.

Вируска каршы 1 миллион 823 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG