Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зиберт түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын соңку билдирүүсү тынчсыздандыруу, түшүнбөөчүлүк жаратарын айтты.
"Бирок германиялык элчини Анкарадан чыгаруу тууралуу азырынча эч кандай расмий кат түшө элек. Маселе ушундай эле сестентүүгө туш болгон Париж жана Вашингтондогу өнөктөштөр менен талкууланып жатат. Спекуляция кылбай туралы".
23-октябрда түркиялык Daily Sabah гезити президент Эрдоган Батыштын 10 элчисин чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук бергенин жазган. Алардын ичинде АКШ, Германия жана Франциянын өкүлдөрү бар.
Маалыматка караганда, мындай кадам элчилер мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелген филантроп Осман Каваланы бошотууга чакырык таштаганы үчүн жасалган.
Дагы караңыз
Москва 28-октябрда карантинге жабылатБир аптада 270тен ашуун мас айдоочу кармалдыЫсырапкерчиликти тыйган ОктябрьЖактоочулар Кой-Таш окуясы боюнча сотту шайлоодон кийин кароону өтүндүГермания Польша менен чек арасына аскерлерин жөнөттүАКШ визасын алууну көздөгөн орусиялыктар "үй-жайы жок улуттардын" тизмесине киргизилдиОрусия АКШнын виза берүү шарттарын сынга алды