Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Ысырапкерчиликти тыйган Октябрь


Кыргызстанда кедейчиликтин деңгээли өткөн жылы 25,3 пайызды түзүп, жакыр жашагандар мурдагы жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга көбөйгөн. Өлкөдө 2020-жылы коронавирус пандемиясы жана экономикалык кыйынчылыктардан улам калктын киреше булактары төмөндөп, жумушсуздук өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, калктын жакыр жашагандар катмары мурдагы жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга көбөйдү. Кедейчиликтин чеги менен караганда, бул дээрлик 2 млн. жакын адам күнүнө 96 сомго күн өткөрөт дегенди билдирет.

Калктын жакыр делген катмарынын 74% жакыны айылда жашайт. Ошого жараша айрым айылдарда маркумду жерге берүү, той-топурдун чыгымын азайтууну жергиликтүулөр өздөрү колго алышууда. Ашкере ысырапкорчулукту азайтууну бир айылдын мисалында баяндап беребиз.

"Жылкы союлбайт, ашыкча чыгым жоюлган"

Оштун Кара-Кулжа районундагы Октябрь айылында тажия өтүп жатат. Жергиликтүү тургун Айгүл Маматова "дасторконго" деп комиссия алып келип берген нан менен конфет, печеньени бөлүштүрүүдө. Бөлүнгөн азыктар батага келген кишилер киргизилчү кошуналардын үйүнө жеткирилет.

Бул тажияда башкалардан көрүп жүргөн дүйүм тамак, салаттын түрү, жашылча-жемиш, кымбат конфеттерди көргөн жокпуз. Жылкы да союлган жок. Бир айыл, алыстан келген кудаа-сөөк, дос-тааныштын баарына союлган эки кой, 15 килограмм аш кеңири жетти. Чара-чара камыр жуурулуп, аягында катып ыргытылган же кошуна-колоңго таратылган боорсок деле бышырылган жок.

Чыгымды азайтуу үчүн түзүлгөн комиссия алып келип берген таттуулар.
Чыгымды азайтуу үчүн түзүлгөн комиссия алып келип берген таттуулар.

"Чыгым көп кетпесин, өлгөн адамдын үйү көп зыян тартпасын деп бизде тыюу салынган. Мурда жылкы союп, чучук бышырышчу. Азыр жылкы сойдурбай калды. Өлгөн адамдын артында калган жакындары дагы жашашы керек да. Жылкынын акчасын төлөй албай карыз болуп калгандар бар. Азыр эми эки койдон ашырбайт. Конфет, печеньенин жөнөкөйүн алып, нан, май, туз, чайын кошуп бардыгын комиссия алып келип таштап кетет", - деди Айгүл Маматова.

Тажияга келгендер деле таарынып, сөз кылып кеткенин байкаган жокпуз. Тескерисинче, жергиликтүү эл өздөрү ашыкча чыгымды кыскартуу максатында киргизилген бул тартипти алкап кетип жатышканын гана уктум.

Октябрь айылындагы тың чыкмалар, молдо, элге сөзү өткөн аксакалдар ашкере ысырапкорчулукту азайтуу максатында 5-6 жыл мурда ушундай демилге көтөрүшкөн. Жаштардан турган атайын комиссия түзүлүп, айылдын фондуна ар бир түтүндөн 500 сомдон чогултушкан.

Топтолгон каражат жакшылык-жамандыкта колдонулуп, каражатты короткон тарап кайра ордун толуктап койот. Айылдын тургуну, айылдык кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Оморов бул демилгени райондун башка айылдарына дагы жайылтуу аракети болуп жатканын айтты.

"Биз айылда фонд түзүп алганбыз, ар бир түтүнгө 500 сомдон. Бул бир жолу берилчү акча. Кайсы жерде жамандык иш болсо, комиссия алып иштете берет. Кийин сөөктүн ээси берип койот. Андан ашыкча акча кетпейт. Жыртыш, сандык ачмай деген нерсе болбойт. Сөөктү жууганда дагы үч жагына үчөө туруп аларга дагы кийит берген чыгымдар бар эле. Ошолор бүт жоюлду. Ата-энеңди тирүүсүндө сыйла, ажыга, курортко алып бар. Дарыла, жашоосун оңдо деп жатабыз. Анан өлгөндө бакырып жылкы союп, чучук жегенден эч нерсе чыкпайт", - деди Оморов.

Ушул айылда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда чүпүрөк-сапырак, Кытайда тигилип, колдон колго өткөн калпагын кийгизүүгө дагы тыюу салынган. Комиссия мүчөлөрү карап, тыйып турат экен.

Комиссиянын төрагасы Урмат Жумаевдин айтымында, сөөктү коюуга эң көбү 70 миң сомдой каражат жумшалат.

"Арзанчылык маалда маркумду жерге берүүгө 50 миң сомго чейин жумшалчу. Азыр тамак-аш кымбаттап 70 миңге чейин чыгып жатат. Жылкы сойсо, өзү эле ушунча сом болчу да. Азыр эки кой, майда-чүйдөсү менен кошо ушунча кетип атат. Айылдагылардын бардыгы 100% биздин ишти колдоп жатат дегенден алыспыз. Арасында макул болбогону да бар. Ар кандай адамдар бар да. Башында кыйын эле болгон, акырындап бир жолго коюлуп калды. Жылкы сойот элек деп даярдап алып келип алгандар да болгон. Аксакалдар "андай болсо өзүң кишилериңди узата бер, биз элден чыкпайбыз" деп чыгып кетишкен. Ошону менен жылкы союлбай калган", - деди Жумаев.

Кыргызстандын булуң бурчунда азыр той-аштын сезону. Тилекке каршы, маркумду акыркы сапарга узаткан учурлар да коронавирус катталган жылдан бери арбын болууда. Анткен менен бардык эле айылдарда чыгымды кыскарталы деген демилгелер иштеп кеткен жок. Карызга батып сөөк коюп, насыяга той өткөргөн учурлар жакырчылыктын деңгээлин өстүргөн себептердин бири бойдон кала берүүдө.

Элдин колу жукарды

Улуттук статистика комитетинин бөлүм башчысы Ырыскан Калымбетова жакырлардын басымдуу бөлүгү айылда жашай турганын айтууда. Кедейчиликтин чеги атайын методикалар менен эсептелет. Анда бир кишинин бир айда керектөөлөрү үчүн 3 миң сомдон аз коротсо, жакыр деп саналат. Мындай адамдардын саны Кыргызстанда 1,6 млн. ашат.

"Кедейчиликтин деңгээлин аныктоо үчүн бакубаттуулуктун эки көрсөткүчү колдонулат. Алар акчалай түрдө бааланган калктын иш жүзүндөгү керектөөлөрү жана кедейчиликтин чеги. Кедейчиликтин чеги - “Кедейчиликтин чегин аныктоо методикасына” ылайык эсептелип чыгат. Ал эми калктын иш жүзүндөгү керектөөлөрү Улуттук статистика комитети тарабынан жыл сайын жүргүзүлүүчү тандалма сурамжылоолордун натыйжасында бааланат. Биздин өлкөдө кедейлердин катарына керектөөлөрү кедейчилик чегинен төмөн болгон калк кирет. 2020-жылы кедейчиликтин чеги бир жылга киши башына 35 268 сомду түздү (айына 2939 сом). Кедейчилик чегинен төмөн 1 млн. 678 миң 265 киши жашайт, алардын 73,7 пайызы айыл тургундары. Ал эми кедейчиликте жашаган балдардын деңгээли 31,8% түздү, же болбосо 18 жашка чейинки 834 миңге жакын бала кедейчиликте жашайт," - деди Калымбетова.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлин илиздеп чыкты. Ага ылайык, өлкөдө 2,2 миллиондой киши болжолдуу күнүнө 96 сомго күн көрөт. Аталган программанын экономикалык аналитиги Элизабетта Д'Амико азык-түлүккө баанын кымабатташы менен жакыр жашаган катмар арзан, бирок сапаты төмөн тамактарды сатып алууга басым жасай турганын айтты.

"2020-жылы коронавирус пандемиясы жана экономикалык кыйынчылыктардан улам калктын киреше булактары төмөндөп, жумушсуздуктун деңгээли өстү. Андан улам жакырчылык деңгээли 25,3 пайызга жогорулап, калктын кошумча 8 пайызы жакырчылык коркунучу алдында турат. Демек, өлкөдө дээрлик 2.2 миллион киши болжол менен күнүнө 96 сомго күн өткөрөт жана чыгымдардын 60 пайызы азык-түлүк сатып алууга жумшалат. Киреше төмөндөгөндүктөн калк азык-түлүккө сарптаган каражатты кыскартып, сапаты төмөн жана азыраак көлөмдө тамак-ашка басым жасоодо. Азык-түлүккө болгон баалардын жогорулаганы Кыргызстан калкынын азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна терс таасир этүүдө. Ошондой эле, 2020-жылдагы бир гана каржылык же экономикалык жакырчылыкты эмес, турак-жай жеткиликтүүлүгү, саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камтыган көп тараптуу көрсөткүчтү алсак, өлкө калкынын 42 пайыздан көбү көп тараптуу жакырчылыкта жашап келет", - дейт Элизабетта Д'Амико.

Д'Амиконун айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз өкмөтү менен биргеликте аялуу катмардын көйгөйлөрүн чечүү жана эч ким артта калбагыдай аракет көрүп жатат. Аны менен киреше табууга жол ачкан аракеттер аркылуу аялуу катмардын жумуш табуу жана келечектеги кыйынчылыктарга туруштук берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да каралууда.

Андан тышкары социалдык келишим сыяктуу жаңы долбоорлор аркылуу бенефициарларды жакырчылыктан алып чыгууга көмөктөшүүдө. Бул долбоорлордо аялдарды колдоого алуу жана башка гендердик маселелерге өзгөчө көңүл бурулат. Жакырчылыктын муундар ортосундагы ажырымды кыскартуу үчүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектеп окуучуларынын туура тамактануусуна көңүл бурууда. Бул аркылуу мектеп окуучулардын ден-соолугу чыңдалып, келечекте алар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө толук кандуу катышып, өлкөнүн жалпы адамдык капиталынын катарына кошулат.

Быйыл жайында той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктаган мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өткөн. Анда ашыкча ысырапкорчулукка барган той ээси айыпка жыгылары жазылган. Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлө салтанаттарына жана ырым-жырымдарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулушу талап этилет.


Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат. Жогорудагы эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Ушундай эле мыйзам долбоору буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. 2018-жылы Бишкекте демилгечи топ "Кыргызстандагы той-топур менен үрп-адаттарды ыраатташтыруу жөнүндө" мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Бирок жетиштүү кол топтой алган эмес.

Андан мурда 2016-жылы Аида Салянова баштаган депутаттар “Салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” деген аталышта мыйзам долбоорун сунуштаган.

Ага чейин, тактап айтканда 2012-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Каныбек Осмоналиев тойго чектөө салган мыйзам долбоорун парламентке алып чыккан. Документ биринчи окуудан өтүп, экинчи окуудан колдоо тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG