Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

Бир аптада 270тен ашуун мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 18-25-октябрда өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, бир аптада 17 миң эреже бузуу катталды.

270тен ашуун айдоочу мас абалында машине айдап, 2500дөй айдоочу ылдамдыкты көбөйтүп, 232 киши документи жок машине айдаганы үчүн кармалган. 7 миңден ашуун айдоочу жол белгилеринин талаптарын бузса, 842 машине айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Мындан сырткары бир аптада автоунаасынын машинесин караңгылатып айдаган, машинаны номери жок же жасалма номер менен колдонгон, жөө жүргүнчүнүн жолдо жүрүү эрежелерин бузган учурлар катталды.

Ички иштер министрлигинин октябрдын башындагы маалыматында, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

Тартип сакчылары жол кырсыгынын эң башкы себептеринин бири катары мас абалында рулга отуруу белгиленип жүрөт.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG