БШК спикер Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

Талант Мамытов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы, "Ынтымак" партиясы менен парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды", - деп билдирди Бекматов.

2021-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү жаңы конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери "Ишеним" партиясы менен шайлоого бараткан Нурбек Сыдыгалиев кызматын тапшырганы тууралуу билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (МТа)

Дагы караңыз

Гросси: Ирандын өзөктүк программасына мониторингди чектегени кооптондурат ЖККУ тажик-ооган чек арасында дагы аскердик машыгуу өткөрөтМирзиёевди сынаган беш собол Пакистан: Исламчыл партия өкмөт менен сүйлөшкөндөн кийин жүрүштү токтоттуӨзбекстандын БШКсы президенттик шайлоо өттү деп жарыяладыБишкекте Раззаковдун 110, Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет