Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Бишкекте Раззаковдун 110, Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет


Исхак Раззаков.
Исхак Раззаков.

Коомдук саясий, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда салтанатуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, 27-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Ал он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган. Анын 110 жылдыгы былтыр пандемия учурунда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада чакан чөйрөдө белгиленип, илимий конференция жана «Алтынды дат баспайт» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Аксы районунун Ак-Жол кыштагында туулган. Анын "Кичинекей жылкычы" аттуу чыгармасы "Советтик Кыргызстан" журналында биринчи жолу жарыкка чыккан. "Адам болгум келет" аттуу повести 1965-жылы орус тилинде жарык кɵргɵн. Элге кеңири тараган “Сынган кылыч” романынан башка Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап, ХХ кылымдын башына чейин баяндаган "Келкел", "Чапкын", "Баскын", "Кыргын" деген романдары да бар.

Касымбеков 2011-жылы 16-июнда 80 жашында көз жумуп, сөөгү Чүйдүн Кой-Таш айылына коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG