Тогуз-Тородо автоунаалар жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды

Тогуз-Торонун Сары-Кыр ашуусунда бир жеңил машине жана эки жук ташуучу автоунаа айдоочулары жана жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан басма сөз кызматкери Ислам Жолборсбек уулу билдирди.

22-октябрда түш ченде куткаруучулар тийиштүү техникалар менен окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Жалал-Абад - Казарман жолу жылына суук түшкөндө беш ай жабык болуп, Тогуз-Торо районунун тургундары башка аймактарга Нарын аркылуу катташат.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаагандыктан жана бороондон улам Бишкек - Ош жолуна да чектөө киргизилди. (TB)

Дагы караңыз

"Свобода" радиосунун камактагы кабарчысы Байденге кайрылдыАкылбек Жапаров: Казак компаниясы ЖЭБде 10 миң тонна көмүр жактыНарын шаардык кеңеши Арслан Сталбек уулун мэр кылып шайладыHRW хазарларды "жапырт жазалап" жатканы үчүн талибдерди айыптадыБишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кармалды