Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев камакка алынды. Ал кыйноо колдонгон, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 22-октябрда билдирди.

Аалиев менен кошо аталган бөлүмдүн Тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы колго түштү. Алардын баары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булар иликтеп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жергиликтүү келинден көп суммада пара талап кылганы, көп балалуу энени милиция бөлүмүнө чакырып, басым жасаганы айтылууда.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы бул жаатта комментарий бере элек.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG