Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

"Свобода" радиосунун камактагы кабарчысы Байденге кайрылды


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын ("Свобода") штаттан тышкаркы кабарчысы, камактагы Владислав Есипенко.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын ("Свобода") штаттан тышкаркы кабарчысы, камактагы Владислав Есипенко.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын ("Свобода") радиосунун штаттан тышкаркы кабарчысы, камактагы Владислав Есипенко АКШ президенти Жо Байден менен америкалык мыйзам чыгаруучуларды Крымдагы ишмердүүлүгү үчүн камалган Орусиядагы жүздөн ашуун саясий туткунду бошотуу үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырды.

Орусия аннексиялап алган Крымда марттан бери камакта жаткан Есипенко өз кайрылуусун кат аркылуу жолдогон. Катты 21-октябрда Вашингтондогу Украинанын элчилигинде өткөн брифингде анын жубайы окуп берди.

Анда журналист Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү аны кантип уурдашканын, электр тогу менен кыйнашканын кеңири сүрөттөгөн.

Есипенконун айтымында, көп адамдарды кыйноо менен жасабаган кылмыштарды мойнуна алууга аргасыз кылышкан. Орусия менен Украинанын жарандыктарын алган Есипенко Украинанын чалгын кызматына маалымат топтоп жүргөн деген шек менен кармалган. Ал кармалганга чейин беш жылдан бери Крымдагы социалдык жана экологиялык кырдаалды чагылдырып келген.

15-июлда Симферополь соту ага "жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаган жана алып жүргөн" деген айып таккан. Журналист бул дооматты четке кагып келет. Эгер ал күнөөлүү деп табылса 18 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркарова билдиргендей, Есипенко өз ишин аткарганы үчүн саясий айыптоолор менен камалган 115 туткундун бири.

Эл аралык уюмдар, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчилиги, Украинанын бийлиги жана АКШнын мамдепартаменти Есипенкону токтоосуз бошотууну талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG