“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Роза Акназарова болду.
Ал маегинде колхоздун козусун бакканы, 30 жыл үч районду башкарган атасынын сыры, кантип министр болгону, “Аялдар” партиясына кошулганы, бийликтин “депутаттык тизмеси” жөнүндө кеп кылат.
- Роза айым, атаңыз Корчубек Акназаров Кыргызстан биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиевдин туулган жери Кочкор районун дээрлик 18 жыл башкарыптыр, бул канчалык жеңил же оор болгон? Дегеле, бир районду узак жыл башкаруунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Эң башкы сыры – атамдын эмгекчилдигинде. Эч нерсе өспөгөн таштак жерди өздөштүрүп, 50 центнерден эгин алганы көп нерсени айтып турат. Өткөндө мага бирөө «Акназаровдун каналдары алигиче иштеп, эгиндер сугарылып жатат» деп видеолорун салып жибериптир. Каналдарды да жөн эле салбай, адистерди тартып, Москвага чейин барып каражатын чечип, көп маселелерди «Социалисттик эмгектин баатыры» деген кадырын салып бүтүргөн күндөрү көп болгон. Элдин турмуш-жагдайын элестете айтып берип, жогорку жактагы чоңдорду ынандырып, нечендеген чакырым трубаларды (куур) алып келип, суу чагарды. Ошонун натыйжасында гектарынан 10-12 центнерден түшүм алып жүргөн Кочкордун шартында 50 центнерден буудай алат деген кандай эмгек! Атам иштеген жылдары кой чарбасын өстүрүүгө чоң көңүл буруп, анын төлүн, жүнүн алууда чоң көрсөткүчтөрдү жараткан. Бардык маселелерди чечүүдө атам дайыма илимпоздор менен көп кеңешчү. Аларга жөн эле макул боло бербей, өзүнүн тажрыйбасы менен талашып-тартышып, талкуулап, анан чечим кабыл алчу.
Дагы караңыз "Президенттин иши сөзүнө дал келиши керек"- Атаңыз Турдакун Усубалиевге жаккан үчүн узак жыл район башкарды, деп калышат? Экөөнүн мамилеси кандай эле, үйгө келчү беле, чай ичишчү беле?
- Мен ал кишинин үйгө келгенин көргөн жокмун. Ал убакта Кочкордо кичинекей мейманкана бар эле. Апам экөөбүз барып, Турдакун Усубалиевичти тосуп, чай бергенибиз эсимде…
- Ал убактагы чоңдор үч райондо биринчи катчы болгон адамдын кызы болгонуңузга байланыштуу сизге кошомат кылган учурлар болгонбу?
- Ал кезде кошомат дегенди эч ким билчү эмес, жетекчилердин баары эл менен бирдей жашашчу, бири-биринен айырмаланган учурларын деле байкачу эмесмин.
- Атаңыздын ошол жогорку кызматтарда жүргөндө кимдир бирөөлөр менен жаңжалдашкан, партиялык жаза алган же катуу сынган учурлары болгонбу?
- Албетте болгон, адам болгон жерде ар кандай көрө албастык окуялар коштоп жүрөт тура. Атам Ак-Талаада иштеп жүргөндө бирөөлөр үстүнөн арыз жазат. Териштире келгенде баарын элдин алдында, ачык далилдеп, аныктап берет. «Ушундай да болот экен» деп аябай кейип калганын көргөм. «Ошол окуядан кийин райондо арыз жазгандар токтоду» деп өзү айтып калчу. Атамдын чоң өзгөчөлүгү эл менен дайыма ачык иштечү, маселелерди ортого салып түз чечип, кадрларды туура тандай билгендиги менен да айырмаланып турчу.
Дагы караңыз “Көк дептердин” улуу кышты көргөн каарманы- Роза айым, эми өзүңүз жөнүндө, сиздин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жылдарыңыз Акаев бийлик жүргүзгөн жылдарына туура келет экен. Сиздин социалдык фонддун төрайымы, социалдык коргоо министри болуп калышыңызга Майрам Акаеванын салымы, жардамы бар деп калышат, ушул чынбы?
- Мен Улуттук банкка караштуу чоң агенттикте директор болуп иштеп турганда Сузак айылынын бир бөлүгүн суу каптап, чоң кырсык болуп, ондогон кишилер үй-жайсыз калышты. Президент Акаев бизге 100 күндүн ичинде 1000 үйдү куруп бүтүрүү тапшырмасын койгон. Мен өз кызматкерлерим менен Сузакка көчүп барып, күн-түн ошол жерде иштеп, баягы айткан убакта үйлөрдү бүтүрдүк. Үйлөрдүн ачылышына барган Аскар Акаевич биздин кыска мөөнөттүн ичинде кандай чоң иш жасаганыбызды көрүп, ыраазычылыгын билдирди. Эл алдында сүйлөп жатып, менин атымды бир нече жолу атап, мактап жиберди. Аны уккан менин кесиптештерим «сиз президенттин каттоосуна алындыңыз» деп калышты. Ошондон алты ай өткөндөн кийин эле премьер-министр Жумабек Ибраимович чакырып, «сиз Социалдык фондго төрайым болдуңуз, жарлыкка президент кол койду» деп калды. «Мен али бышып-жетиле элекмин, ал кызматтын жоопкерчилигинен корком» десем болбой кызматка сүрөшкөн. Баса, ага чейин Улуттук банкка жетекчиликке даярдап жатышыптыр деп уккам.
Дагы караңыз Эгемендикке 30 жыл: Кыргызстан баскан татаал жол- Майрам Акаева мамлекеттик башкарууга, кадрдык дайындоолорго кийлигишкен деп калышат, анын чындыгы барбы?
- Мен министр болгонго чейин Майрам Дүйшөновнаны таанычу эмесмин. Ал киши менен биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу Таласта өткөн иш-чарада таанышкам. Соцфонду жетектегенден кийин Аялдар партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болдум, андан кийин Эмгек жана социалдык коргоо министри болдум. Ал жерде дагы бир топ жакшы иштерди жасадык.