“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Дөөлөтбек Берикбаев болду.
Ал маегинде обкомго кызматка келгени, мас досун кантип куткарганы, депутаттык атаандаштык, апасына куран окута албаганы, “чоңдорго” акча-белек бербегени, өзү, баласы, атасы болуп районду төрт жолу башкаруудагы сыры ж.б. жөнүндө сөз кылат.
- Дөөлөтбек мырза, сиз обкомдо иштеп турганда бир окуя болгон экен. "Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин бир тууган жээни тартип бузуп, мас абалында милицияга түшүп калганда, обкомдун инструктору Берикбаев бошотуп кеткен" деп айтылат. Ушундай болгонбу?
- Ал окуя болгон, ал адамдын атын айтпай эле койойун. Бирок ал Турдакун Усубалиевичтин жээни эмес болчу. Ал мындай болгон, биз Компартиянын Нарын облустук комитетинде иштеп жүргөндө ишемби, жекшемби күндөрү колхоздорго барып, саман жыйноого жардам берчүбүз. Бир жолу инструкторлор бир чарбага барып иштегенбиз, мен эртерээк келе бергем. Биздин анда 30 жашка толо элек жаштык кезибиз. Жумуштан келатып балдар кичине “толкунданып” алышса керек, жолдо келатканда МАИ кызматкери токтотот. “Биз обкомдо иштейбиз, сен эмне жол тососуң” деп күпүлдөп, баягы дос милициянын погонун жулуп салыптыр. Андай бейбаштыгы үчүн камап коюшат. Мен үйдө келинчегим менен чай ичип отурсам телефон шыңгырап калды, алсам, “Дөөлөтбек, мен милициядамын” деген үн чыгып, байланыш үзүлүп калды. Ким экендигин тааныдым. Чыкыйып кийинип алып, милицияга барып эле “жанагы акмак кайда, мен аны партиядан чыгарам, өчүрөм” деп күпүлдөп калдым. Андан башка айла калган жок болчу. “Камаганыбызды орун басарыбыз билип калды эле” деди бир милиционер. “Ал орун басарды да эртең обкомго чакырам” десем, “толкунданган" досумду чыгарып, алдыма салып беришти . Ошентип эч кимге билинбей калган, өзү да эртеси баарын жапкан. Ал киши кийин бакыйган мамлекеттик кызматкер болду, бирок, анын Турдакун Усубалиевич менен эч байланышы болгон эмес.
- Эми ошондой тартип бузган, моралдык жүрүш-турушу начар мамлекеттик кызматкер-коммунисттерге кандай жазалар болчу эле?
- Ал убакта мамлекеттик кызматкердин ичкилик ичип кармалып калганы, ичмек турсун стакан кармап койгону эле чоң жазага кириптер болчу. СССРде Горбачевдун бийлиги болуп турганда ичкиликке каршы катуу күрөш жүргөн. Менин жанагыдай куткарып алганым туура эмес болгон. Бирок, ал айласыз жасалган иш болчу. Эгер жогоруда айткан жорук билинип калганда ал кызматтан кетип, партиядан чыгарылмак.
- Совет заманынын каардуу саясатынын азабынан дүйнөдөн өткөн апаңызга куран окута албай калган экенсиз, ушул чынбы, ал кандайча болгон?
- Куран окуттук... Ал мындайча болду. Турдакун Усубалиевич бийликтен кетип, анын ордуна Абсамат Масалиев келди. Аны менен кошо Москвадан жооп топ “бир короо” жан-жөөкөрлөр келишкен. Борбордук Комитеттин катчысы Киселов, Ысык-Көл обкомунун катчысы Белотелов ж.б. ошондо келишкен. Ошол мезгилде Ысык-Көл райкомунун биринчи катчысы Дарман Алибаев жакын адамдарынан каза болгондо зыйнатына барган экен, куран окутуп жаткан жерин сүрөткө тартып алышып, СССРдин башкы гезити – “Правданын” башкы бетине чыгарып жиберишкен. Ошондон башталган... Ал окуядан кийин менин апам каза болуп калды. Ошондо Нарын обкомунун биринчи катчысы Мураталин Искендер Садыкович телефон чалып, “ай бала, сен жашсың, өлөр апаң өлүптүр, кайрый албайсың, сен өсүшүң керек, тигил окуяларды угуп-көрүп жатасың” деп катуу эскертип калды. Анан биз жайылып алып, бир нече жерде куран окуганды кыскартууга аргасыз болдук, эки жерде гана окуттук. Кудай жалгап фотого тартып алгандар болгон жок окшойт, билинип сөз болгон жок. Мына ушундай окуялар болгон.
- Сиз Ак-Талаада чарбанын агрономунан эмгек жолуңузду баштап, ошол райондун акимине чейинки кызматтардын баарын иштегенсиз...Сырыңыз менен бөлүшө аласызбы, ошол деңгээлге жетүү үчүн кимдир бирөөгө белек же пара бергенсизби?
- Мен Берикбаев Дөөлөтбек Кулубаевич, чарбада агроном, обкомдо инструктор, Ак-Талаада экинчи катчы, аким, Базар-Коргондо аким ж.б. жогорку кызматтарда иштедим. Бул деңгээлдерге жетүү үчүн бир адамга бир сом берген эмесмин. Мен быйыл 75ге чыктым, чачым агарды, бул менин ыймандай сырым. Ал кездеги жетекчилердин 90 пайызы мендей болчу, калган 5-10 пайызында “аркы-беркидей” иштер болсо болгондур.
- Дөөлөтбек мырза, сиз билесизби, дүйнөдө, Кыргызстанда ата-бала бир районду жетектеген мисалдар болгонбу?
- Болсо болгондур...
- Сиз 1990-жылдардын башында Ак-Талаа районунун акими болдуңуз, балаңыз Сейтек Кулубаев кийин эки жолу Ак-Талааны башкарыптыр, жалпысы ата-бала үч жолу аким болуп иштепсиздер, анын сыры эмнеде?
- Ак-Талааны ата-бала үч эмес, төрт жолу башкарышты. Менин атам – Берикбаев Кулубай убагында райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Алдыңкы чарба жетекчиси эле, атам курган социалдык объектилердин көбү азыркыга чейин турат, эл кызматында болууда, эмгеги элдин оозунда. Менин кызматтарга көтөрүлүшүмө да атамдын таасири болгон. Баламдын аким болушуна да менин таасирим болсо керек. Ар бир ата-эне баласын билимдүү, маданияттуу, элге кызмат кылган азамат болсо экен деп тилейт. Колуман келишинче балама акыл-кеңешимди айтып турам.