Ал маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин демократиялык уюмдарга мамилеси, жетекчилерди алмаштыруунун себеби жана генералдар Жумабек Асанкулов, Анарбек Бакаев, Бакиевдин кызматтык орду, ишке ашпай калган реформалар тууралуу айтып берди.
- Токон мырза, 1990-жылдардын башында Кыргызстандын коопсуздук кызматын жетектеп турган, кесипкөй генерал Жумабек Асанкулов кызматтан алынып, анын ордуна илимий кызматкер, педогог Анарбек Бакаев дайындалган. Анын себебин сиз эмнеден көрөсүз, деги мындай дайындоо өзүн актаганбы?
- Генерал Жумабек Асанкулов убагында менин жетекчим болгон, анын кол алдында көп жыл иштедим. 2007-жылы апрель айында мен атайын Москвага барып, ал киши менен жолугуп келгем. Ошондон эки ай өтпөй дүйнөдөн өтүп кетти. Мен генерал менен 10 сааттан ашык сүйлөшкөм.
- Эмне жөнүндө сүйлөштүңүздөр эле?
- Көп нерсе тууралуу аңгемелешкенбиз. СССРдин акыркы жылдарында демократиялык кыймылдар чыгып жатканда, Жумабек Асанкулов алардын лидерлеринин бирине дагы куугунтук кылган жок. Кошуна мамлекеттерде демократтарга катуу куугунтуктар болуп, ар кимисин чилдей таркатканын баарыбыз билебиз. Союздук республикалардын коопсуздук комитеттеринин жетекчилеринен айырмаланып, ал киши “элди угалы” деп турду.
Жумабек Асанкулов биринчилерден болуп комитетке журналисттерди чакырып, басма сөз жыйынын өткөрүп, бардык суроолорго качпай, ачык жооп берген. Анан дагы бир маанилүү маселе, Аскар Акаевдин президент болуп калышына бир топ кишилер себепкер болгон, депутаттар шайлаганы белгилүү. Бирок ошол жараянга чейин даярдаган, Акаевди президент болушуна Асанкулов негизги ролду ойногон. Мен ошол маселелердин майда-чүйдөсүнө чейин ал кишинин өз оозунан уккам. Мындай жакшылыктарды билбей “эшеги ылайдан өткөндөн кийин” баарын унутуп калгандар болду.
- Акаев эмне үчүн ал кишини кызматтан алды деп ойлосуз, "ишенимден чыгып калган" деген пикирлер бар эмеспи?
- Ал киши ишенимден чыккан эмес. "Бизди сатып кетти, коммунисттерди колдоп кетти" деп ушакташкан, алардын баары болбогон иш. ГКЧП дегенди убагында Горбачев, Яковлев болуп өздөрү уюштурган “саясий шоу” болгон. Бүгүн баары ачыкка чыгып отурат.
- Болуптур, генерал Асанкуловдун ордуна илимпоз Бакаевдин дайындалышы канчалык өзүн актаган эле?
- Эсиңерде болсо керек, легендарлуу Жогорку Кеңештин депутаттары Акаевге ГКЧПдан кийин “көрдүңүзбү, жолдош президент, Коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине ишенген өз кишиңиз болушу керек, керек болсо жакын тууганыңызды коюңуз” дешкен. Мен Акаевге башка жакын тууганын алып келбей Анарбек Бакаевди комитеттин төрагалыгына алып келгенине ыраазымын. Ал КГБнын сыртынан келсе дагы мыкты жетекчи болгон. Коопсуздук комитетинин бир кышын да башкаларга берген жок, талаткан жок. Комитеттин ишин жакшыртты, коррупцияга малынган жок, таза иштеген.
- Токон мырза, Комитеттин төрагасы президентке жакын, ишенимдүү адам болушу керек дегендер болду деп жатпайсызбы. Бакиев президент болгондо дагы комитет төрагасынын биринчи орун басарлыгына бир тууганы Жаныш Бакиевди алып келбедиби, ал өзүн актадыбы?
- Албетте, Жаныш деле жакшы адам, анын да укугу, өз тажрыйбасы болгон. Бирок Жаныш Бакиевдин деңгээли генерал Жумабек Асанкулов менен Анарбек Бакаевге жетпейт, салыштырып да болбойт. Алар асман менен жердей айырмаланып турушат. Менимче, Курманбек Бакиев иниси эмес, башка ишенген кишисин койгондо жакшы болмок.
- 2007-жылы Бакиев бийликте турган мезгилде сиз өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо боюнча комиссиянын жетекчиси болуптурсуз, сиздин орун басарыңыз Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш болгон экен. Эмне реформа жасагансыздар? Маалымат угулбайт...
- Комиссия түзүлдү, бир нече отурумдар болгон. Биринчи ишти Коргоо министрлигинен баштайлы дедик. Бирок чекара кызматына тийбей союз мезгилиндеги боюнча калтыра турган болгонбуз.
- Калтырып койгонуңар реформа болуп эсептелеби?
- Союз мезгилинде Кыргызстандын Чек ара кызматы дегеле болгон эмес. Биздин чек арабызды Орусиянын чекарачылары кайтарып калды го. Керек болсо армиябыз да жок эле. Кыскасы, Коргоо министрлигин реформа кылып, мобилдүү, кесипкөй 9 миңдин тегерегиндеги чакан армия түзүүнү пландадык.
Баткенге, Жалал-Абадга, Ошко, Токмокко же Бишкекке аскердик бригадаларды уюштурууну сунуш кылдык. 1999-2000-жылдардагы Баткендеги, кийин Ооганстандагы, Чеченстандагы окуяларды эске алып, тоолуу аймакта коргонуу жөндөмдүүлүгү бар мобилдүү армия түзүү идеясы чыккан. Кыскасы, реформалык программабызды жазып алып, президент Курманбек Бакиевге, премьер-министр Игорь Чудиновго алып кирдик, “жакшы экен” деп жактырышты. Бирок, каражаттын жоктугунан ал реформа ишке ашпай калган.
- Сиз Бакиевдин убагында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары, Коопсуздук комитетинин катчысы, президенттик администрациянын мамлекеттик кеңешчиси катары жогорку кызматтарда иштегенсиз. Президенттин баласы Максимди, иниси Жанышты мамлекеттик башкарууга аралашкан деп айта аласызбы?
- Алар да классташтары, курсташтары, достору, туугандары бар кыргыздар экен. Албетте, таасири болду.
- Президенттин иниси, баласы мамлекеттик ишке аралашып жаткан ошол мыйзамсыз көрүнүштөрдү Курманбек Бакиевге айта алдыңызбы?
- “Убагында президентке мен айткам, дегем” деп азыр көп кишилер мактанып, айтып жүрүшөт. Мен билем, андай болгон эмес, Бакиевге кирип бардык маселелерди ачык бетине айткан эки эле киши - Топчубек Тургуналиев менен кинорежиссер Болот Шамшиев болгон. Экөө тең президенттин кеңешчилери эле. Ошол катуу сын айтылгандан кийин экөө тең жумуштан кетишкен.