Бишкекте түркмөн сүрөтчүсү Шыхдурды Орадовдун көргөзмөсү болот

"Беткаптар". Ш. Орадовдун тарткан сүрөт.

Түркмөн сүрөтчүсүнүн 80 жылдыгына арналган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 21-октябрда башталат.

Музейден маалымдашкандай, Шыхдурды Орадов Борбор Азиядагы көчмөн элдин жашоосун чагылдырган эмгектери менен таанымал.

Сүрөтчү Ашхабаддын четиндеги Дурун деген айылда туулуп-өскөн. Түркмөнстандын көркөм окуу жайын, Ленинграддагы жогорку көркөм өнөр жайын аяктаган.

1987-1992-жылдары Түркмөнстандын сүрөтчүлөр союзун жетектеп турган.

1989-жылы Борбор Азия элдеринин кол өнөрчүлүгү боюнча ири аймактык форумду уюштурган. Учурда Алматы шаарында жашайт.(ZKo)

Дагы караңыз

Абактагы Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын жакындары билдирдиКытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы. Бээжиндин көздөгөнү эмне? Чех президенти кызматын аткара албай калды Талиб өкмөтүнүн ички иштер министри Хаккани жанкечтилерди кубаттадыОстин: АКШ Украинага колдоо көрсөтүүнү улантатЭВФ: Быйыл ооган экономикасы 30 пайызга төмөндөйтШайлоого катыша тургандар такталуудаБалдар арасында сасык тумоо күчөдү Баткен: Элден чогулган акчанын 65,8 млн. сому калдыМамлекет 42 дарынын баасын көзөмөлгө алатАтамбаевдин жокко чыккан өкүмү кайра жанданды