Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Абактагы Жээнбековдун ден соолугу начарлаганын жакындары билдирди


Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. Бишкек. 12-сентябрь, 2021-жыл.
Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арызын БШКга тапшырууда. Бишкек. 12-сентябрь, 2021-жыл.

Учурда абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өткөнүн уулу Азат Равшан "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Бүгүн атам ооруканада медициналык кароодон өткөрүлдү. Бардыгы жакшы болот деп ишенем".

Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, саясатчы кароодон өткөн медициналык борбор ал "өнөкөт гепатитке" жана башка вирустук-инфекциялык ооруларга чалдыкканын лабораториялык жактан тастыктаган.

"Равшан Жээнбеков өзүнүн оорусун Кыргызстанда айыктырууга мүмкүн эместигин, дарылоочу адистер жана тиешелүү жабдуулар чет өлкөдө бар экенин айтып жатат. Ушундан улам биз 25-октябрдагы сот отурумунда Равшан Жээнбековдун чет өлкөгө чыгып дарыланып келүүсүнө уруксат берүү өтүнүчүн сотко жолдойбуз. Себеби эл билет, Өмүрбек Бабанов деле абакта отурган жеринен чет өлкөдөн дарыланууга жиберилген. Олуттуу учурларда сот, тергөө органдары уруксат берип жүрөт".

Оппозициялык саясатчынын саламаттыгы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат бере элек.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков 28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын документтерин кабыл алган. Жээнбеков азырынча талапкер болуп каттала элек. Анын талапкерлиги катталса, үй камагына чыгарылары да белгисиз.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG