Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:40

Мамлекет 42 дарынын баасын көзөмөлгө алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык аппараттар департаменти мамлекеттик жөнгө салууга тийиш болгон дары-дармектердин тизмесин жаңыртты. Тизмеге азитромицин, ампициллин, ибупрофен, диклофенак, парацетамол, квамател, лоратадин сыяктуу дарынын 42 түрү кирген. Бул тууралуу маалымат аталган департаменттин расмий сайтына жарыяланды. Тизмеде дарынын сырттан алынып келингендеги баасы, дүң жана чекене баасы көрсөтүлгөн.

Дары-дармек базарындагы абал боюнча маселе 13-октябрда парламентте көтөрүлүп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып бул уюшмага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген жана “мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алган” деп айткан. УКМК ушундан кийин мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG