Быйыл жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 527 материал иликтенип жатат. Бул тууралуу 19-октябрда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Азамат Дүйшөналиев Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 330 экспертиза дайындалган, алардын жарымынын жыйынтыгы даяр болуп калды.
Кыргызстанда январь-сентябрь айларында жалпы 66 миң 274 кылмыш, 57 миң 889 жорук катталган.
28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.
Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.
Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (ErN\RK)
Дагы караңыз
Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракетасын учурдуТалибдер ооган өнөрпоздорун кысымга алууда Бир мандаттуу округдан арыз берген талапкерлердин 80и расмий катталдыЧехия президенти Земандын саламаттыгы суроо жаратуудаКаржылык көзөмөл кызматына Улан Сарбанов жетекчи болуп дайындалдыПарламент комитети шайлоону уюштурууга кошумча 100 млн. сом бөлүүнү колдоду