Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Түндүк Корея кайрадан баллистикалык ракетасын учурду


Түндүк Кореянын 30-сентябрдагы ракета сыноосу.
Түндүк Кореянын 30-сентябрдагы ракета сыноосу.

19-октябрда Түндүк Корея өлкөнүн чыгышындагы Синпхо портуна жакын аймактан Жапон деңизин көздөй кайрадан баллистикалык ракетасын учурду. Коңшу Түштүк Кореянын армиясы бул ракета суу алдына жүрүүчү кемеден учурулушу мүмкүндүгүн маалымдады.

Кошмо Штаттар Түндүк Кореяны "дестабилдештирүүчү кадамдардан карманууга" чакырды. Жапония Пхеньяндын соңку аракетине өкүчүнүч билдирди.

"Азыр эле Түндүк Корея эки баллистикалык ракетасын учурду. Бул өлкө өткөн айдан бери ракета учурууну улантып жатканы өтө өкүнүчтүү", - деп билдирди жапон премьер-министри Фумио Кисида.

Соңку бир канча аптадан бери Пхеньян аскердик сыноолорун жандандып, бир нече жолу ракета учурду. Адистер алардын айрымдары эл аралык санкцияларга каршы келерин айтып жатышат.

Сентябрь айында Түштүк Корея да Түндүк Корея сыяктуу суу алдында жүрүүчү кемелерден учурулуучу баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынап, мындай куралга ээ болгон, өзөктүк арсеналы жок биринчи өлкөгө айланган.

18-октябрда АКШ менен Түштүк Кореянын чабармандары Вашингтондо жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу маселелерди талкуулашкан.

19-октябрда Кошмо Штаттар, Түштүк Корея жана Жапониянын чалгын кызматтарынын башчылары да Сеулда жыйынга чогулары кабарланган.

Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы сүйлөшүүлөр Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу маселеси боюнча пикир келишпестиктерден улам үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG