Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Парламент комитети шайлоону уюштурууга кошумча 100 млн. сом бөлүүнү колдоду


Парламенттик шайлоо. Бишкек. 4-октябрь, 2020-жыл.
Парламенттик шайлоо. Бишкек. 4-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 592 млн. 350 миң сом каражат керектелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искандер Гайпкулов 19-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Конституциялык мыйзамдын негизинде каражат 36 округ боюнча эсептелип чыкты. Мындан сырткары беш жерде - эки шаарда, үч айылдык кеңеште шайлоо өтүш керек болчу. Муну дагы бюджеттин акчасын үнөмдөө максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүүнү пландап жатабыз. Мыйзам буга жол берет. Биз мындан 47 млн. сом үнөмдөп жатабыз. Биздин бюджетке каралган акчанын ичинен референдум менен үч шаардагы кайра шайлоо 2021-жылдын бюджетинде каралган эмес. Азыр ошол акчаны сурап жатабыз. Ошондо 100 млн. кошкондо экономиянын эсебинен 592 млн. менен баары бүтөт", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы быйылкы бюджетине кошумча 100 млн. сом бөлүп берүүнү суранды. Аны бөлүү боюнча атайын тескемени Министрлер кабинети 11-октябрда кабыл алган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 19-октябрдагы отурумунда муну колдоп берди.

2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлүп, кийин кайра 5 пайызга көтөрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталганы кабарланган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG