"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) курган өкмөттүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жетектеген делегация 14-октябрда Анкарага барды. Алар түрк расмий адамдары, анын ичинде тышкы саясий мекеменин жетекчиси Мевлут Чавушоглу менен жолугат. Талибдердин маалымат катчысы Абдул Кахар Балхи кездешүүдө гуманитардык жардам, миграция, аба каттамдары жана соода маселелери талкууланарын буга чейин "Твиттерге" жазган.
"Талибан" августта батыш колдогон өкмөттү кулаткандан бери өлкөгө жардам дээрлик токтоп калган, кыштын жакындашы менен ооган экономикасы ого бетер каатчылыкка батты.
НАТОнун мүчөсү болгон Түркия Кабулдагы элчилигин жаппай кармап турат жана башкалаадагы аэропорттун ишин камсыздоодо Катар менен кызматташууда.
Бир нече күн мурун талибдердин лидерлери Дохада АКШ, андан кийин Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушкан.
"Чоң Жыйырманын" виртуалдык жыйынында 12-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган эл аралык коомчулук "Талибан" менен диалог жүргүзүү каналдарын ачык кармоого тийиш деп билдирген. Анын айтымында, 3,5 миллиондон ашуун сириялык качкынга башпаанек берген өлкө ооган качкындарын кабыл алууну көтөрө албайт.
Дагы караңыз
Түркияда кайнатасынын колунан ажал тапкан АятШайлоо: талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады "Ата Мекен" өкүлдөрү шайлоо мыйзамына байланыштуу Конституциялык сотко кайрылышты"Дордой Дыйкан" базарынын директору Салымбеков 6-декабрга чейин камалды Баткенди өнүктүрүү боюнча инвестфорум келишимдерге кол коюу менен аяктады