Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:41

"Дордой Дыйкан" базарынын директору Салымбеков 6-декабрга чейин камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги "Дордой Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" бүгүн, 14-октябрда билдиришти.

Жактоочунун райондук соттун чечимине каршы жазган арызы шаардык сотко 14-октябрда келип түшкөнү маалым болду. Шаардык сот Салымбековдун бөгөт чарасын качан карай турганы азырынча белгисиз.

УКМК Салымбековдун кармалганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Айрым маалымат каражаттары ал бажыда мыйзамсыз схема түзүүгө айыпталып жатканын жазышты. "Дордой" бирлиги бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Эркин Салымбеков бир катар компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири. DORDOI MOTORS жоопкерчилиги чектелген ишкананын директору.

2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.

XS
SM
MD
LG