Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады. Мындай тартип менен шайлоого катышуу үчүн 381 адам арыз берди. Алардын 31и гана аял. Партиялар да курултайларын өткөрүп, документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
Парламенттик шайлоонун активдүү делген бөлүгүнүн бири - талапкерлерди көрсөтүү иши жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-октябрда бир мандаттуу округдан талапкер болуп каттаалуу үчүн арыздарды кабыл алууну токтотту.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, бир мандаттуу округдардан чыгуу үчүн арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Анын 31и аял, 350сү эркек. 379 киши өзүн өзү, сегиз адамды жети саясий партия көрсөттү.
Облустарга бөлүп караганда, Баткенде үч округдан 40 адам (алардын төртөө аял), Ошто тогуз округдан 71 (үчөө аял), Жалал-Абадда жети округдан 63 (үчөө аял), Таласта эки округдан 17 (аялдар жок), Чүйдө алты округдан 73 (үчөө аял), Бишкек шаарында төрт округдан 38 (төртөө аял), Нарында эки округдан 31 (төртөө аял) жана Ысык-Көлдө үч округдан 48 (10у аял) адам арыз менен кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов эми мындан аркы иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
“Эми 18-октябрга чейин талапкер болууну каалагандар мыйзамда көрсөтүлгөн документтерди толугу менен бериши керек. Андан кийин биз 28-октябрга чейин талапкер кылып каттоо боюнча ишти бүтүрүшүбүз зарыл. Ал эми 29-октябрда үгүт компаниясы башталат”.
Бир мандаттуу округдардан өзүн көрсөткөн айрым адамдарга токтолсок. Жогорку Кенештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Махабат Мавляна Ош облусунун №4 Көк-Жар, Айнуру Алтыбаева, Айбек Осмонов №7 Ош шайлоо округунан талапкерлигин жылдырды. Депутаттар Нурбек Алимбеков жана Шайлообек Атазов Оштун №8 Төлөйкөн, Искендер Матраимов №9 Кара-Суу шайлоо округунан чыкты.
№10 Куршаб шайлоо округунан Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаев, мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев талапкерлигин көрсөттү.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улан Примов №11 Алай шайлоо округунан өзүн-өзү жылдырды. №12 Өзгөн шайлоо аймагынан депутат Аалы Карашев жана мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бар.
№14 Жалал-Абад шайлоо округунан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев талапкерлигин койду.
Депутаттар Нурбек Тотонов №19 Токтогул, Дастанбек Жумабеков №20 Манас, Дастан Бекешев №28 Октябрь, Каныбек Иманалиев №25 Аламүдүн шайлоо округунан чыкты. Аламүдүн районунан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев да талапкерлигин койду.
36 округдагы ар бир мандат үчүн 11 киши ат салышканы турат. Бирок бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкер болуу үчүн арыз берген 381 адамдын баары тең шайлоого катышат дегенди билдирбейт. Ортодо ар кандай себептер менен талапкерлигин алып салгандар, документтерин толук бербегендер же шайлоо күрөөсүн төкпөгөндөр шайлоодон четтетилет.
“Бул жолу парламентте мурдагыдай бийлик жок. Бул шайлоого бизнесмендер Жогорку Кеңеште кызыкчылыгын коргош үчүн, саясатчылар парламенттин трибунасын колдонуш үчүн катышат. Парламенттин ыйгарым укуктары бир топ азайганы менен атаандаштык жогору болуп жатат”, - деди саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.
Парламенттик шайлоого республиканын бирдиктүү округунан партиялык тизме менен катышууну көздөгөн партиялардын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлери аныкталганын расмий билдирди. Жалпысынан шайлоого катышуу ниети менен 73 партия арыз тапшырган. Алардын 26сы курултайларын өткөрдү. Партиялар документтерин 18-октябрга чейин тапшыра алат.
Курултайларын өткөргөн партиялар: “Улуттар Биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс”, “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Кыргызстандын бириктирүүчү патриоттук партиясы”, “Ата Мекен”, “Ыйман Нуру”, “Эл үмүтү”, “Азаттык”, “Ынтымак”, “Ак Асаба”, “Күчтүү регион”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Аруузат – Эл Куту”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Мекенчил Эл”, “Ордо”, “Багыт”, “Жашасын Кыргызстан”, “Улуу-Журт”, "Легалайз”, “Кыргызстандын жаштар прогрессивдүү партиясы” жана “Социал Демократтар” партиясы.
Президент Садыр Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитүү учурунда сөз сүйлөп жатып, парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон азыркы депутаттарды добуш сатып албоого чакырды.
“Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Көпчүлүгүңүздөр кайрадан шайлоого катышып жатасыздар. Кай бириңиздер партия менен, кай бириңиздер бир мандаттуу аймактардан. Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет”.
Президент “мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпай, аны таза өткөрүүгө шарт түзөт” деп убада берди. Кийинки аптада шайлоого байланыштуу өлкө башчы катышкан республикалык кеңешме өткөнү жатат.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мыйзамдуулукка чакырган сөздөр бийлик тарабынан кайсы гана шайлоо болбосун айтылып келатканын, бирок жыйынтык чыкпаганынын себебин мындайча түшүндүрдү.
“Добуш сатылбасын, добуш сатып алуу болсо чара көрүлөт деп айтылып эле келе жатат. Ага каршы мыйзам да бар. Кептин баары анын иштеп-иштебегенинде болуп атпайбы. Добуш сатып алууну токтотуш үчүн байкоочулар менен укук коргоо органдары жакшы иштеш керек. Анын үстүнө добуш сатып алууну далилдеп берүү да оор болуп калууда. Кармалгандары болсо кийин элдешип алышат. Шайлоочулардын да аң сезими өсүш керек”.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.