Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы спорт клубдарында машыккан кыргызстандык жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан тышкары эки же андан көп жолу административдик мыйзам бузган мигранттар "кара тизмеге" киргизилип, Орусиядан депортация болору эскертилди.
Ошондой эле, кыргызстандык мигранттар мурда кабылган "маңзат ташуу" иши боюнча да маалымат берилип, "жеңил акча табуудан" этият болуу сунушталды.
ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктарды башка өлкөнүн жарандары менен чыр-чатакка барбоого үндөп, мисал катары "Кузьминки" метросунда болгон жаңжалга катышкан мигранттарга көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Жалпысынан түрдүү жалган маалыматтарды таратуудан тартып, ар кандай чыр-чатак, жаңжалдарга аралашпоо эскертилди.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын жарандарынын "кара тизмеге" кирип, Орусияга кирүүгө тыюу салынышына алардын мыйзам бузганы себеп болгон.
Москвада мигранттардын ич ара кагылышуулары катталып турат. Июль айында Кузьминкиде кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.
Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Кузьминки окуясынан кийин 26 кыргызстандык депортацияланып, Орусияга 40 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган.(ZKo)
Дагы караңыз
Саясатка көз каранды энергетика өнүкпөйтДолбоор: Жергиликтүү бийликке ал аймакта туулган адам келе албайтШайлоо-2021: "Ынтымак" жана "Келечек" партиялары шайлоого чогуу баратТашкент менен Ашхабад ишкерлерге виза берүүнү жеңилдетүүгө жетиштиЖээнбеков документтерин тапшыруу үчүн БШКга жеткирүүнү талап кылдыАйсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачтыМээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыктыХимия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталды