Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Жээнбеков документтерин тапшыруу үчүн БШКга жеткирүүнү талап кылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу 6-октябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өткөн сот отурумунда билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча ушул жылдын август айында экинчи жолу камакка алынган саясатчы соттон Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыруу үчүн кароол менен жеткирүүнү суранды.

"Мен конституциялык укугумдан пайдалангым келет. Бирок мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди өзүм алып барып беришим керек экен. Мени кароол менен ал жакка жеткирүүнү сурайм", - деди саясатчы.

Кой-Таш окуясы боюнча сот ишин карап жаткан судья Азирет Медеров кат түрүндө кайрылууну суранды.

Равшан Жээнбеков мурдараак соттук отурумдардын биринде “ага карата соттук өкүм чыга электигине карабай, БШК анын арызын кабыл албай жатканын” даттанган. БШК кийин билдирүү таратып, Жээнбековдун ишенимдүү өкүлдөрү комиссияга кайрылбаганын, документтерин алып келбегенин кабарлаган.

Буга чейин абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы парламенттик шайлоого катышууну ойлонуп жатканын билдирген.

Боршайкомдун түшүндүрмөсүнө ылайык бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон адам БШКга өзү келип арыз бериш керек. Ал эми партиялык тутумда тизмени партиянын лидери же ыйгарым укуктуу өкүлү алып келип берсе болот.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган. Саясатчы кылмыш ишин саясий куугунтук деп келет.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон. (МТа)

XS
SM
MD
LG