Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Долбоор: Жергиликтүү бийликке ал аймакта туулган адам келе албайт


Жогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты

Жогорку Кеңештин депутаты "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Айнура Аскарова "Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу" мыйзам долбоорундагы чектөөлөргө каршылыгын билдирди. Депутат эмне үчүн жаран кичи мекенинде айыл өкмөт жана аким болуп иштөө укугунан ажыратылганына кызыкты.

"Ооба, Чүйдүн бир районуна башка жактан келген акимди "чоочун" деп жергиликтүү эл иштетпей коюптур. Бирок ошол эле учурда айрым адамдар атуулдук сезим менен өзү туулуп-өскөн айыл өкмөтүн, районду оңдоо, көтөрүү үчүн керек болсо өз чөнтөгүнөн сарптап, иштөөгө даяр экенин билдирип, иштеп келишти", - деди Аскарова.

Мыйзам демилгечилерине ушундай эле дооматты КСДП фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков да койду.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов мындай норма аймактардагы жердешчиликти, коррупцияны жоюу максатында киргизилгенин билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча, аким болуп иштөө үчүн мамлекеттик кызматта 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек. Акимдерди кызматтан президент гана ала алат. Жергиликтүү кеңеш сунуш берет. Акимдер кадрлар резервинен дайындалат, бул резервдерге кадрлар сынак менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-октябрдагы отурумунда "Министрлер кабинети тууралуу", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу" жана "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окуудан карап, 2-3-окуудан кабыл алууга добуш берүүгө жиберди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG