26-сентябрь күнү Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы келин эки кызы менен түшүп кеткен. Кыздардын бири үч жашта, кичүүсү бир жашта болгон. Жергиликтүү эл келин менен улуу кызын куткарып алышкан. Кичүү кызынын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда сууга түшкөн жерден 1,5 чакырым аралыкта табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ымыркайды издөө ишине ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышты.
Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.(ZKo)
Дагы караңыз
Түндүк Корея "белгисиз снаряд" менен Жапон деңизи тарапты аткыладыКыргызстан издеген соода жолдору: деңиз, аба жана темир жол Равшан Жээнбеков прокурордун үстүнөн сотко кайрылдыБишкек шаардык кеңеши жол кире маселесин карап жататCenterra Gold Кумтөр боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылат