Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

Бишкек шаардык кеңеши жол кире маселесин карап жатат


Бишкекке жаңы алып келинген автобустар. Август, 2021-жыл.
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар. Август, 2021-жыл.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорт үчүн жол акысын көтөрүү маселесин талкуулоодо. Жыйынга Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев дагы катышып жатат. Маалыматтарда Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү акысын автобус, троллейбустарда 11 сомго, ал эми маршруттук унааларда 15 сомго көтөрүү тууралуу чечими коомдук талкуудан өткөн.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусубалиев депутаттарга маалымат берип, күйүүчү майдын жана автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу жол кирени көтөрүү талабы көптөн бери коюлуп келгенин билдирди.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. “Эко Эл ташуу” компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Мэрия шаардык кеңешке маршруттук таксиге жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG