Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Равшан Жээнбеков прокурордун үстүнөн сотко кайрылды


Равшан Жээнбеков сотто. 2020-жыл.
Равшан Жээнбеков сотто. 2020-жыл.

Оппозициячыл саясатчы, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков Октябрь райондук сотуна Башкы прокуратуранын кызматкеринин үстүнөн даттанып, кайрылды. Саясатчы прокурорду өзүнүн арызын 24 саат бою бирдиктүү реестрге каттабай, 14 күн ичинде кароо чечимин кабыл алганы үчүн жооп берүүсү керек деп билдирүүдө.

"14-сентябрь күнү мен - Равшан Жээнбеков адвокатым Замир Жоошев аркылуу Башкы прокуратурага кайрылып, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеровду кызмат абалынан пайдаланып, мени отуз күндөн ашуун убакытка тергөө абагына камоо чечимин чыгарганы үчүн жоопко тартууну өтүнгөм. Кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча арыз бирдиктүү реестрге катталган убактан тартып, сотко чейинки өндүрүш ачылууга тийиш болсо, прокурор арызды 24 сааттын ичинде реестрге каттоого тийиш. Менин арызымды Башкы прокуратуранын нөөмөтчү прокурору И. К. 14-сентябрда кабыл алса да, бүгүнкү күнгө чейин катталбай, сотко чейинки өндүрүш да ачылбай турат", - деп жазылган билдирүүдө.


Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG