Жол кырсыгы 15-сентябрда эртең менен Бишкек - Ош унаа жолунда, Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, DAF күйүүчү май ташуучу унаа менен "Жигули ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы кишилер окуя болгон жерде каза болгон.
Куткаруучулар жеңил унаада кыпчылып калган үч жаранды чыгарып, Токтогул райондук оорукананын өлүкканасына өткөрүп беришти. Каза болгондордун тек-жайы такталууда.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жаракат алды. Автокырсыктардын 95% адамдык фактордон улам болгон.
2020-жылы Кыргызстанда 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (КЕ)
Дагы караңыз
Депутат Акаев: мен жөнүндө карандай калпка эч ким ишенбейт16-сентябрдын аба ырайыИсмаил Исаков коомчулукка тараган кайрылуу боюнча УКМК башчысына кайрылдыБишкекте бала бакчалар 20-сентябрдан тартып толук иштей турганы айтылдыПрезидент Жапаров Британиянын премьер-министрине көңүл айттыКоронавирустан эки бейтап каза болуп, 81 учур жаңы катталды