Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:20

Бишкекте бала бакчалар 20-сентябрдан тартып толук иштей турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бала бакчалар 20-сентябрдан тартып толук иштей баштайт. Бул тууралуу баш калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева "Азаттыкка" билдирди.

Айрым маалымат каражаттары бала бакчалардын кенже жана наристелер тобу азырынча ачылбай турганын жазышкан. Буга Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаменти уруксат бербей жатканы айтылган.

Мозгачева бала бакчалардагы жогорку жана мектепке даярдоочу тайпалар буга чейин эле барып жатышканын, 20-сентябрдан тартып толук иштей турганын билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар да кадимки тартипте иштей турганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бала бакчалардын кызматкерлеринин 82% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда жалпысынан 1648 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баары 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бойдон толук ачыла элек.

15-сентябрда мектептер толук ачылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG