Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Исмаил Исаков коомчулукка тараган кайрылуу боюнча УКМК башчысына кайрылды


Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

Мурдагы коргоо министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, генерал Исмаил Исаков коомчулукка тараган кайрылууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Анда кайрылууну жазгандардын артында кимдер жана кандай кызыкчылыктар турганын аныктап, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу талабы коюлганын Исаков "Азаттыкка" билдирди.

"Бийликтин суранычы менен бир топ аялдарды чогултуп Садыр мырзага (Кыргызстандын президенти - ред.) кайрылуу жасатыптыр. Ыплас, чындыкка жатпаган, адамдын оюна келбеген нерселерди жазган экен. Элди коркутуп, дүрбөтүп, туристтерди качырып, мамлекеттин экономикасына чоң залалын тийгизген адамдарга иш козгогула деген талап менен Камчы мырзага кайрылуу жаздым. Ал сөзсүз чечим чыгарыш керек. Алардын бардыгын сурап, артында ким турат, ким түрткү берди, ким Кыргызстандын стабилдүүлүгүн бузганга аракет кылып жатат, баарын тактап маалымат бериш керек", - деди экс-депутат.

Буга чейин социалдык тармактарга бир нече адамдын колу коюлган кайрылуу тараган. Кайрылуу президент Садыр Жапаровдун атына жазылып, анын бийликке келгенден кийинки жасап жаткан иштери белгиленген. Мындан сырткары 17-сентябрда бир катар саясатчылар көчөгө элди алып чыгууга аракет кылып жатышканы, ага жол бербөө зарылдыгы жазылган. Кайрылууда Чүйдүн мурдагы губернатору Туйгуналы Абдраимов, Жогорку Кеңештин депутатары Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, Исмаил Исаков, Азамат Мусакеевдин аттары аталган.

Кайрылууга кол койгондордун арасында Маданияттын мыкты кызматкери Сонунбү Кадырова, КР Эл акыны Меңди Мамазаирова, илимпоз Үмүт Култаева, КР Эл артисти Шайгүл Алсеитова, КР эмгек сиңирген артисти Абаз Чикеев, эстрада ырчысы Венера Пирматова бар. Булардын ичинен Кадырова менен Пирматова кол койгон. Калгандары телефондон макулдугун билдиргени жазылып турат. Кайрылуу коомчулукка тарагандан кийин Мамазаирова менен Култаева митингдерге каршы экенин, бирок кайрылуунун текстин көрбөгөнүн, кол койбогонун Facebook баракчасына жазышты.

Исаков "мунун баары "бүгүнкү оор социалдык-экономикалык абалдан элдин көңүлүн башка жакка буруу, ушунун шылтоосу менен шайлоо алдында күчтүү талапкерлерди четтетүү аракети" деп эсептейт.

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айыпталып, кармалды. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Асанов “интернетте тарап жаткан "фейк" маалыматка” байланыштуу күбө катары ИИМге суракка чакырылган. Сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG