Кытай мамлекети Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1500 тонна буудай жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын берет. Бул тууралуу 9-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганда айтылды.
Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.
Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.
Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстанга ун, буудай жана тоют ташып кирген ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бир жылга бошотту. (BTo)
Дагы караңыз
ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу аяктадыАлександр Лукашенко кайрадан Москвага бардыВенгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделдиОоганстандагы элчи Мирослав Ниязов кызматтан кеттиИсхак Пирматовго өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды