Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Александр Лукашенко кайрадан Москвага барды


Александр Лукашенко менен Владимир Путиндин 13-июлда Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушуусу.
Александр Лукашенко менен Владимир Путиндин 13-июлда Санкт-Петербург шаарында өткөн жолугушуусу.

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко 9-сентябрда Москвага барды. Беларустун мамлекеттик "Белта" жаңылыктар агенттиги жазгандай, ал орус президенти Владимир Путин менен эки өлкөнүн ортосундагы 28 союздук программаларды дагы бир жолу талкуулайт. Ошондой эле жолугушууда Ооганстандагы кырдаал жана Тажикстанда жакынкы күндөрү өтө турган регионалдык саммиттер тууралуу сөз болот.

Лукашенконун бул сапары эки тарап Беларустун суверендүүлүгүн чектей турган макулдашууларга кол коюшу мүмкүндүгү тууралуу жоромолдорго жол ачты. Жакында Беларустун Орусиядагы элчиси Владимир Семашко эки өлкөнүн ортосундагы союздук мамлекет түзүү тууралуу келишимдин жол картасы дээрлик даяр экенин, Лукашенко менен Путиндин жолугушуусунун алдында толук жыйынтыктала турганын айткан.

Соңку жылдары орус президенти Владимир Путин эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу маселени утур-утур көтөрүп, Лукашенкону 20 жылдан ашык убакыт мурда түзүлгөн келишимди ишке ашырууга ишарат кылып келет.

Орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүү боюнча келишим 1999-жылы 8-декабрда кабыл алынган. Бирок Лукашенко өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын кесе айтып, көнбөй келген.

Бирок былтыр августта Беларуста бийликке каршы жүрүштөр башталганда Лукашенко Орусия менен жакындап, эки өлкөнүн интеграциясы боюнча бир нече сүйлөшүү өткөргөн. Ошондой эле Лукашенко Москвага тез каттай баштады.

Ал 1-сентябрда Бобруйск шаарында сүйлөп жатып, Орусия Беларуска көп сандаган аскердик техника жана курал-жарак берерин жарыялаган. Анын айтымында, курал-жарактардын арасында С-400 ракеталык системасы да болушу мүмкүн. Аскердик техника кандай шарт менен берилерин тактаган эмес. Эки өлкө ортосундагы интеграциялык жол картага октябрь-ноябрь айларында кол коюларын айткан.

XS
SM
MD
LG