Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:14

ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусу аяктады


Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу.

9-сентябрда Кыргызстандагы "Эдельвейс" полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуусунун акыркы этабы өттү.

Ага уюмга кирген мамлекеттердин миңден ашык аскерлери катышып, 150 аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде реактивдүү залп менен атуучу системалар, авиация Су-30СМ истребители, Су-25, Ми-8 тик учагы жана “Орлан-10” өзү учуучу аппараттар тартылды.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү болду.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү болду.

Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү болду.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен “Рубеж-2021” аскердик машыгуусу 7-9-сентябрь күндөрү болду.

6-сентябрда Кыргыстандын коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев Тажикстандын аскерлери машыгууга катышпай турганын билдирген. Тажик тарап болсо "Рубеж-2021" машыгуусу өтүп жаткан күндөрү Тажикстанда аскерлердин катышуусунда бир катар иш-чаралар пландалганын, Эгемендиктин 30 жылдыгына карата ири шаарларда парад өтөрүн кабарлаган.

Кирешеев болсо кыргызстандык аскерлер жакын арада Тажикстанда өтө турган кезектеги машыгууга бара турганын кошумчалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG