Октябрь окуялары: Канат Сагымбаев милицияга чакырылды

Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу милицияга сурак берүүдө.

Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" кабарлады. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да Сагымбаев айып коюлганы тууралуу билдирмени алууга милицияга чакырылган.

Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. Ал №1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан бошотулган.

Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Октябрь окуяларына байланыштуу буга чейин оппозициялык саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов камалган. Анын адвокаты Кантемир Турдалиев Молдокматовго дагы төрт кылмыш ишине, алты берене менен шектүү экени тууралуу билдирме берилгенин 7-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган саясатчыга 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. (КЕ)

Дагы караңыз

Балдарга зомбулуктан коргонууну үйрөткөн колдонмо иштелип чыктыЖаза аткаруу кызматы Аскаровдун өлүмү боюнча ишти тергей баштады КМШ оюндарында Кыргызстан самбодон беш коло байге алдыИИМдин тыңшоосу: парламентте судьяны кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдүИИМдин тыңшоосу боюнча парламентте маалымат угуу сунушу берилди