Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:14

ИИМдин тыңшоосу боюнча парламентте маалымат угуу сунушу берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги парламент депутаттарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганы мыйзамсыз экенин айтып, буга байланыштуу министрликтин маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында демилге көтөрдү.

“Биринчиден, депутаттарда кол тийбестик бар. Бирок сот ага карабай эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого уруксат берген. Ким билет, мындай тыңшоолор азыр деле болуп жатат? Мен билем, саясатчыларды дайыма угушат. Бирок мыйзамдуулук болуш керек да”.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрь айында ачыкка чыккан. Телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев да бар.

Андан тышкары бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылардын да телефону тыңшалган.

Алар бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат.

Алардын телефонун тыңшоо тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өтүнүчүнө Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов уруксат берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Чыңгызбек Бердимуратовго каршы Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кат жөнөтүү керектигин айтып, сот одоно мыйзам бузганын сындады. (BTo)

XS
SM
MD
LG